«Базарлар банкрот болушу мүмкүн» | Бишкектин 3 базарынын соодагерлери бийликке кайрылышууда

Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги «Азиз», «Дордой Моторс» жана «Ош базарынын» соодагерлери чогулушуп, салык төлөөнү жөнөкөйлөштүрүп берүүнү суранып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. «4 күндөн бери ушул жерде турабыз, бир да депутат, бир да жетекчи басып келип, сурап койгон жок» деген соодагерлердин нааразычылыгын уктук.