Бул SUPERTV’нын “Тузу оор кесиптер” көрсөтүүсү. Бул ирет биз Бишкекте такси кызматын көрсөткөн Бека деген ат менен белгилүү айдоочунун ишин көрсөтөбүз. Беканы интернет колдонуучулары эмоционалдуу айдоочу катары тааныйт. Ал ишинин оош-кыйышын ТикТок жана Инстаграм социалдык тармактагы баракчаларында айтып берет. Каарманыбыз “10 мүнөт эле такси кызматында иштеп көрөм деп, баш-отум менен ушул ишке кирип кеткем. Жашоомдун көпчүлүк бөлүгү унаанын ичинде өтөт” дейт. Ошондой эле ал бул берүүдө өзүнүн жашоосу, жакындары, өксүгү, кыялы тууралуу айтып берди.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









