SUPERTV коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырып, аянычтуу тагдыр ээлеринин, чындык издеп чыркыраган замандаштарыбыздын үнүн угуп келет. 2021-жылы да бул тармакта бир катар видеолорду тарттык. Биз баянын угуп, видеону коомчулукка жарыялаган соң каармандардын бир тобунун маселеси оң тарапка чечилип, дагы бир тобунун жашоосу жакшы жакка өзгөрдү. Бул ирет биз 2021-жылга саресеп салабыз.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









