Бишкектин базарларында скрипка ойноп, элдин маанайын көтөргөн Айсанем

Айсанем Аматова классикалык күүлөрдү коомдук жайларда ойноп, андагы адамдарга маанай тартуулайт. Бир нече видеосу интернеттеги көп катталуучусу бар баракчаларга тарап кеткенден кийин бул ишин токтотпой, улантууну чечкен. «Азыр адамдарда көйгөй көп, маданий азык алуу үчүн концерттерге бара алышпайт. Элде мүмкүнчүлүк жок болгон соң, чыгармачыл адамдар калкты аралап, маданий азык таратышы керек»,— дейт таланттуу кыз. Репортажды толугу менен көрүп, пикириңизди калтырыңыз.