Супер ТВнын “Интернет жылдызы” берүүсүнүн алгачкы чыгарылышында Байзак Кубанычбек уулу менен маек курдук. Өспүрүмдү социалдык тармактарга тараган дасторкон четинде отуруп үн созгон видеосу аркылуу тааный аласыз. Анын бир тууган агасы Аскат Кубанычбек уулу инисин борборго алып келип, музыкалык окуу жайга окутсамбы деген жакшы ою бар экенин айтат. Бирок анын чогултуп жүргөн акчасы үй алууга жетпей. Өнөрү менен элдин көңүлүн бурган баланын келечегине кайдыгер карабаган, ага көмөк көрсөтөм деген жарандар 0555 50 55 71 номуру аркылуу байланышса болот.
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Интернет айдыңында Зайка деп таанылган Алтынай Султанбекова кайрымдуулукка багытталган контентти 3 жыл мурда баштаган. Блогер жан дүйнөсү менен жардамга муктаждарга...