Баткендеги чек ара жанжалы бүт кыргыздын жан дүйнөсүн эңшерип, кабыргасын кайыштырып кетпедиби. Бул апаатта окко учкан жоокерлердин бири Эсентур Кубанычбеков эми гана 30дун кырына келген. Мамлекеттик чек ара кызматында 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 29-апрелде көз жумду. “Үй бүлө курсам, балалуу болсом” деген тилектери бар капитандын максаттары аткарылбай кала берди. Кубанычбеков 1-май күнү өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди. Бул видеодо жанын Мекенге алмаштырган баатырды анын эң жакын досу Урматбек Нурсейит уулу эскерет.
“Досум Эсентур күзүндө үйлөнөм дечү” дейт Баткенде окко учкан жоокердин досу
- Categories: КООМ/ТАГДЫР
Related Content
Меккеге велосипед менен 60 күндө барган киши
Автор
Perizat Muz
09:05 11.11.2024
Мугалимди ыйлаткан окуучунун апасы... Чуу боюнча тараптар эмне дешет?
Автор
Perizat Muz
08:53 07.11.2024
Жумгалда 20 күндөн бери изделип жаткан ата-баланын жакындары: “Жакында той бергени жатканбыз”
Автор
Perizat Muz
09:09 05.11.2024
Азамат Шаршенов Мыктыбек Оролбай уулунун дарегине айтылган сөзү үчүн эмнеге кечирим сурады?
Автор
Perizat Muz
20:28 31.10.2024
“Оптом ал” дүкөнүнүн ээси: "6 жолу банкрот болуп, жетинчисинде бутка туруп кеттим”
Автор
Perizat Muz
20:25 31.10.2024