Эгиз төрөп, төрөтканада каза болгон келиндин жолдошу: “Жашоодо утуп алган жубайым” дечүмүн”

Ушул жылдын 14-январь күнү Бишкектеги №2 төрөтканада эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин Мээримай Ташболотова каза болуп калган. Маркумдун жакындары SUPERTV’га кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып беришти. “Эгиз уулдуу болорубузду билип, кубанычыбызда чек жок эле. Эми минтип ыйлай берип көзүмдүн жашы калбай калды” деген маркумдун жолдошу Тыныбек Керимбай уулу ошол күндү эскерди. Толугу менен видеодо.