“Эл салып берген үйүм сүрдүрүлүп кетти” дейт SUPERTV’нын каарманы

Бишкектин четинде жайгашкан Алтын-Казык конушунда 15-майда 17 үй мыйзамсыз деп таанылып, сүрдүрүлгөн. Мэриянын маалыматында алар таштанды таштоочу жайдын аймагына кирип кетишкен. Үйү сүрдүрүлгөн тургундар алачыкта ачык асман алдында күн кечиришүүдө. SUPERTV телеканалы аталган конуштагы окуяны баяндайт.