Жасалма документтин айынан талашка түшкөн жер маселеси

Бишкек шаарынын 6-кичирайонунун жашоочулары митингге чыгышкан. Анда жеке компаниялардын бири жергиликтүү жашоочулардын оюн эске албастан, кичирайондогу жападан жалгыз балдар аянтчасынын ордуна көп кабаттуу имарат курганы жатканы айтылган. Бул окуяга мэрия аралашып, курулуш иштери убактылуу токтотулганын билдиришкен эле. Бүгүн кичирайондун тургундары курулуш компаниясы жашоочулардын макулдугу тууралуу келишимди жасалмалап алганын айтып чыгышты.