Бүгүн, 25-январда Борбор Азиянын айрым шаарлары бир нече саатка жарыксыз калды. Албетте, бул көпчүлүктүн жашоосун кыйындатты. Жарыктын жоктугу Бишкектеги соодага, көчөлөрдөгү унаа кыймылына кыйынчылык жаратса, ооруканадагы бейтаптардын дарылануусуна да таасирин тийгизбей койгон жок.
Кампада жашаган аял: “80ге таяп калган жолдошум таштап, балдарына кетип калды”
Салкынай Каримова 52 жашта. Ал 2 бала, бир небереси менен чогуу бирөөнүн кампасында күн кечирет. “Өзүмдөн 25 жаш улуу адамга...









