Тажикстандын куралдуу кол салуусунда өзү менен кошо 5-6 тажикти кошо жардырып жиберген делген Эламан Ураимов үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Анын артында ата-эне, бир туугандары, жубайы, бир уул, бир кызы калды. Биздин редакция маркумдун аза-кайгысын тең бөлүшүп, баатырча каза болгон Ураимовдун жубайына бир нече суроо салып, айтып берүүсүн сурандык.
Токтомуш Жекшенбай уулу: “Уулум ооруканага улактай секирип барып, сөөгү чыкты”
Спорттук кабарчы Токтомуш Жекшенбай уулу социалдык тармакта баласы тууралуу “кечээ уулум Бишкекте ооруканада чарчап калды. Буга себеп дарыгерлердин шалаакылыгы” деген...