20-сентябрда Сокулуктун Селекция айылында мурдагы күйөөсү аялынын бетин, кулак-мурдун кескилеп кыйнаган үрөй учурган окуя катталган. Келин алган оор жаракаттарынан улам ооруканага түшкөн. Биз дал ошол келиндин азыркы абалын билүү үчүн анын апасы, агасы жана анын операцияларынын бирин жасоо милдетин алып жаткан түркиялык дарыгер менен сүйлөштүк.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









