Бишкекте кафелердин биринде актёр Рыскелди Нурлан сабалган. Окуя 11-майга караган түнү орун алган. Окуянын бардык катышуучулары Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. “Бул фактынын негизинде «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында юридикалык баа берилет» деп билдирди райондук милиция бөлүмүнөн.
17 жыл бюрократияга чыдаган Ысык-Ата эли
SUPERTV телеканалына Чүйдүн Ысык-Ата районунун тургундары жер маселеси боюнча кайрылышты. Алар мындан болжолу 15-17 жыл мурда Жайылма айыл өкмөтүнө үй...