Кыргыз жергесинде биринчи ирет Памирден көчүп келген кыргыздар өз салты менен той өткөрүштү. Кыз узатуу аземи “жилик тартыш”, “кол күрөш”, “шакек-жүздүк” жана “өлөң айтуу” сыяктуу салттар менен коштолду. Той ээлери ушул той Памирде өтсө улак тартыш, кыргыз күрөш сыяктуу ири улуттук оюндар менен коштолуп, 2-3 күнгө созулмак дешет. Кыз узатуу тоюна жергиликтүү жашоочулар, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн Кыргызстанга көчүп келип отурукташып калган этникалык кыргыздар да келишти. Тойдон репортажды толугу менен көрүп, пикир калтырыңыз.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









