30 жаштагы Анара Умарбекова Бишкек шаарынын четиндеги барак тибиндеги жапыз үйлөрдүн биринде күн кечирип келет. Ал сколиоз оорусу менен жабыркайт. Башынан оор турмушту өткөрүп келе жатканын айткан ал “турмушка чыкканымда кайындарым мени төрөбөгөн бүкүр келин деп жеришчү, ушундан улам ал турмушумдан кетип калгам. Оорумдун айынан элге аралашуудан уялып, үйдөн чыкпай жашайм” дейт.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0505902490
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









