Интернетте камырды үбөлүгү жок, колдун гана жардамы менен жупжука кылып жая алган Таңсулуу аттуу өзгөндүк келин популярдуу. Ал бул ыкманы Орусияда иштеп жүрүп өздөштүргөнүн айтат. Бул ирет биз студиябызга дал ошол Таңсулуу Ботобаеваны жолдошу менен чакырдык. Кызыгы, каарманыбыздын жолдошу да камырды дал ошол ыкма менен жая алат. Видеодо жубайлар камыр жаюунун сырлары менен бөлүштү.
“Аялым майыптыгы бар кызым экөөбүздү таштап кетти” | Жалгыз бой ата
Бул жолку каарманыбыз 30 жаштагы Камбар Шайымкул уулу. Ал майыптыгы бар кызын жалгыз багат. Жалгыз бой ата “жубайым кызым экөөбүздү...