Эсиңиздерде болсо интернет тармагына түн жарымында кайыр сурап отурган улгайган аялдын сүрөтү тараган эле. Кийин сүрөттөгү каарманды издегендер да болгон. Биз дал ошол сүрөттөгү жаранды таап, жакындан таанышып сүйлөшө алдык. “Бакма кызмын, өз ата-энемди, тегимди таап, өмүрдөн өкүнүчсүз өтсөм дейм” деген каарманыбыздын баяны видеодо.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









