Кой-Таш окуясына 2 жыл. “8 жаштагы балам Атамбаев менен кошо качты. Аны куткарам деп ок жедим” дейт

2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө “Альфа” атайын кызматтагы жоокерлери келип, Атамбаевди кармап кетүү аракетин көрүшкөн. Бирок ал оперция ишке ашкан эмес. Атамбаевдин тарапташтарынын көбү ошол күнү оор жаракаттарды алышкан. Быйыл бул окуяга 2 жыл болуп, анын катышуучулары окуяга татыктуу баа берилип, күнөөлүүлөр өз жазасын алса деген ой-пикирлерин билдиришти.