Күйүүчү май кымбат. Дыйкан кантип күн көрөт?

Учурда күйүүчү майдын баасы күн санап жогорулоонун үстүндө. Бүгүнкү күндө 1 литр бензиндин баасы 44-45 сомду чапчып, мындан жарым жыл мурункуга салыштырмалуу орточо 12 сомго кымбаттады. Күйүүчү майга болгон баанын кымбатташы элдин жашоосун мында дагы оорлотушу мүмкүн. Кайсы тармакта кандай чыгым болбосун, айланып келип күйүүчү майдын баасына көз каранды.