«Күйөөм түшүрө урган тишимди жутуп алгам»

Каарманыбыз Калича Качкынбай кызы балдар үйүндө мээримге зар болуп чоңоюп, бактылуу жашоону, көөдөнүндөгү боштукту толтурууну эңсеп турмушка чыгат. Бирок аракеч жолдошу көрсөткөн запкыдан качып, учурда 4 баласын жалгыз бой тарбиялап келет.