Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Ош шаарындагы имараттардын биринин 10-кабатынан боюн таштоого аракет кылган 35 жаштагы келин куткарылганын шаардык милиция билдирген эле. Келин бул кадамга баруусунун себебин баласын жолдошунан ала албай жаткандыгы менен түшүндүргөн. Борборго акыйкаттык издеп келген Нурила Төрөканова бүгүн, 6-декабрда Ак үйдүн алдында жалгыз нааразычылык акциясын уюштурду. Биз келинден окуя тууралуу сурап, баянын уктук.
Токтомуш Жекшенбай уулу: “Уулум ооруканага улактай секирип барып, сөөгү чыкты”
Спорттук кабарчы Токтомуш Жекшенбай уулу социалдык тармакта баласы тууралуу “кечээ уулум Бишкекте ооруканада чарчап калды. Буга себеп дарыгерлердин шалаакылыгы” деген...