“Кызыл зонада” иштеген дарыгер: “Бир күндө 5-6 бейтап каза болгондо жүрөгүм ооруду”

14 жылдан бери Улуттук госпиталда медайым-анестезист болуп эмгектенген Бегайым Жамгырчиева учурда “кызыл зонада” эмгектенип, коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын ден соолугу үчүн күрөшүүдө. Ал көп жылдык эмгек жолунда бир күндө 5-6 бейтап каза болгон учурду биринчи жолу көргөнүн айтып, кейиди.