27-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ала качуунун кесепетинен каза болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча биринчи соттук отурум белгиленген, айыпталуучулар сотко онлайн катышмак. Бирок сотко айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбегендиктен сот отуруму 11-июнга жылдырылды. Бул жагдайды маркумдун апасы “жоопкерчиликсиз” деп баалайт. Биз Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова менен сүйлөштүк. Ал “Ушуга чейин кызымдын өлгөнүнө ишене элекмин, күнөөлүүлөрдүн көзүнө тик карагым келет” дейт.
“Үйүбүздү курулуш компания 13 жылдан бери бүтүрбөй жатат” | Акыйкаттык издегендер
Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу турак жай 13 жылдан бери бүтпөй турат. Кардарлар “ОППС строй” компаниясынын убадасына ишенип, акча беришкенин...









