Лөлүлөр деген сөздү укканда учурда көпчүлүктүн көз алдына базарларда, аялдамаларда, кан жолдо кайыр сураган жаш кыздардын, аялдардын элеси тартылат. Бул улут жалаң гана кайыр суроо менен күн көрөбү? Калк арасында айтылып жүргөн «аялдары иштейт, эркектери үйдө отурат» деген кептин чын-бышыгы канчалык? Мына ушундай суроолор менен Ош шаарынын жака белинен орун алган лөлүлөрдүн махалласына, бизче айтканда кыштагына баш бактык.
Кампада жашаган аял: “80ге таяп калган жолдошум таштап, балдарына кетип калды”
Салкынай Каримова 52 жашта. Ал 2 бала, бир небереси менен чогуу бирөөнүн кампасында күн кечирет. “Өзүмдөн 25 жаш улуу адамга...









