Бүгүн, 10-январда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров добуш берүүгө уулу менен келди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, шайлоо таза эмес өтүп жаткандыгын жана акыркы сурамжылоолордо өзүнүн алдыда келе жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары ал: «Бул шайлоодо ушундай жапайычылык менен жеңип кетебиз дешсе, анда бул көпкө узабайт жана жакшылыкка алып барбайт», —деди.
Ал эми шайлоодон кийинки өлкөдөгү стабилдүүлүк тууралуу Мадумаров кайсы талапкердин шайлоодо жеңип чыгарына жараша болот деп айтты.
Күнүнө 10 миң метр лагман чоюлган Жалал-Абаддагы “Зам Зам” кафеси
SUPERTV телеканалы Кыргызстандагы тамшанткан даам сунуштаган тамактануучу жайлар жана алардын өзгөчөлүктөрү менен “Даам тат” берүүсүндө тааныштырып келет. Берүүнүн бул жолку...