Бул жолку каарманыбыз Марат Ниязмат уулу Сауд Арабиясындагы Мекке шаарына велосипед менен 59 күндө жеткенин айтат. Ал бул берүүдө жолдогу кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу айтып берди. «Мен Меккеге жолго чыкканда чатырда эле жашайм деп ойлогом. Бирок эл «жолдо жылан, аюу көп» деп айтышканынан корктум. Бул сапарым ары кызыктуу, ары түйшүктүү окуяларга бай болду» дейт ал.
“Жубайым каза болуп, 2 кызымды жалгыз бактым” дейт Талас шаарынын тургуну
Берембек Бакалов 43 жашта. Ал жубайы каза болгонун, 2 кыздын атасы экенин айтат. Кышкысын көмүр каптап иштесе, жайкысын күнүмдүк иштерди...