Буга чейин Казакстандын күч органдары Кыргызстандын жараны делген адамдын видеосун жарыялаган. Анда ал Алматы шаарына митингге катышуу үчүн барганын, ал үчүн 90 миң теңге убадаланганын айткан. Андан көп өтпөй, социалдык тармактын колдонуучулары видеодогу адам кыргызстандык белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экенин жана анын казак жергесине байма-бай гастролдоп барып турарын жазышты. Бүгүн Бишкекте Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында митинг өттү. Митингге музыканттын жакындары, маданият өкүлдөрү, активисттер катышты. Алар Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тиешеси жок экенин айтышты.21:05
«Менин агам террорист эмес» дейт Казакстанда кармалган кыргызстандык музыканттын иниси
- Categories: КООМ/ТАГДЫР
Related Content
Токтомуш Жекшенбай уулу: “Уулум ооруканага улактай секирип барып, сөөгү чыкты”
Автор
Айзада Тураркулова
01:37 21.12.2024
“Багып алган балам боорун бергени жатат” | Боор циррозуна кабылган эне
Автор
Айзада Тураркулова
22:24 20.12.2024
Неберемдин кабыргасы ички органдарына жабышып калган” | 8 жашар кыздын чоң энес
Автор
Айзада Тураркулова
19:59 19.12.2024
SEREPTV’нын каарманы үйлүү болду! “Элден 1,7 миллион сом чогулду”
Автор
Айзада Тураркулова
20:07 17.12.2024
“2,5 жыл СИЗОдо жатып, бөйрөгүм жараксыз болуп калды” дейт 32 жаштагы жигит
Автор
Айзада Тураркулова
12:26 11.12.2024