“Нанга акча таппай калганда унаа жууп иштей баштадым” дейт 21 жаштагы келин

“Тузу оор кесиптер” долбоорунун кезектеги каармандары Тахмина менен Анара. Алар тагдырдын сыноосуна майышып калбаган эрктүү келиндер. Экөө тең турмуш шартынан улам унаа жууган жайда иштеп калышкан. Бири төрт кызын, оруулуу апасын ушул жайда иштеп адал акча менен багарын айтса, экинчиси кош бойлуу кезинде да унаа жууп иштеген күндөрүн эстеп айтып берди.