Обсервацияда иштеп жүрүп каза болгон студенттин ата-энеси: “Кызыбыздын максаттары ишке ашпай калды”

Медициналык академиянын 5-курсунун студенти 21 жаштагы Адинай Мырзабекова өлкөдөгү оор кырдаалда Бишкекте ачылган күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан. Ал акыркы 11 күндө абалы оор бейтаптар жаткан «кызыл зонада» иштеп, илдет менен күрөшүп келген. Кесипке өмүрүн арнаган Адинай келечекте көптү үмүттөндүргөн дарыгер болмок. Тилекке каршы, анын шурудай тизилген ой-максаттары ишке ашпай, ал турсун арабызда өзү жок.