Биздин бул жолку каармандарыбыз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жубайлар. Алар шаар четиндеги жаңы конуштардын бириндеги мектептин короосунда жайгашкан эски вагондо эки баласы менен күн кечирип, мектепке кароолчу болуп жашап келишет. Үйдүн кожойкесинин айтымында, ал стресске кабылып, мындан улам моюнунда чоң шишик пайда болгон. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, жолдошу да эки бөйрөгүнөн жабыркап, дайыма дарыланууга муктаж экенин каарманыбыз кошумчалады. Мындан улам, алар бар байлыгын сатууга аргасыз болушкан. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0707 31 72 00, 0500 18 44 06
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Интернет айдыңында Зайка деп таанылган Алтынай Султанбекова кайрымдуулукка багытталган контентти 3 жыл мурда баштаган. Блогер жан дүйнөсү менен жардамга муктаждарга...