Өткөн жылдын 8-июнь күнү Бишкектеги республикалык төрөтканада 2004-жылы туулган өспүрүм кыз көз жарган. Кийинчерээк кыздын Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кеңарал айылынын тургуну экени маалым болгон. Жаш эненин жакындары анын зордукталганын жана кичинесинен бери психикалык жактан жабыркагандыктан, окуяны толук айтып жеткире албайт дешти. Ушундан улам, жабырлануучунун эжеси бизге окуя боюнча айтып берди.
Токтомуш Жекшенбай уулу: “Уулум ооруканага улактай секирип барып, сөөгү чыкты”
Спорттук кабарчы Токтомуш Жекшенбай уулу социалдык тармакта баласы тууралуу “кечээ уулум Бишкекте ооруканада чарчап калды. Буга себеп дарыгерлердин шалаакылыгы” деген...