«Сапаттын» мугалимдери япон техникасы менен билим берүүнү үйрөндү

8-январдан 13-январга чеийн “Сапат” мектебинде педагогдордун мугалимдик ишмердүүлүгүн жогорулатуучу конференция өттү. Анда окуучулардын дараметин, мүмкүнчүлүктөрүн арттыра турган Lesson Study техникасы үйрөтүлдү. Тренингдин пайдасы жана өзгөчөлүгү тууралуу мугалимдердин да пикирин алдык.