“Сапаттын” окуучулары Эл аралык олимпиадада 10 медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты. Алардын көпчүлүгү “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары. Биз “Сапаттын” мугалимдерин жана байгелүү орунга ээ болгон окуучуну студиябызга чакырып, жеңиши менен куттуктап, маектештик.