#Собол​_TIME: 8-март кандай майрам экенин билесизби?

8-март аялдардын эл аралык күнү. Бул күн коомчулукта соңку жылдары кулачын кенен жайды. Апаларыбыздын, эже карындаштарыбыздын көңүлүн көтөрүп майрамдык маанай тартуулап, белектерди берип келебиз. Ал эми бул күндүн тарыхы кандай? Эмне себептен жана качантан бери бул күн майрам катары белгиленеип келе жатат, бул суроолорго шаар тургундарынан жооп издеп көрдүк.