Учурдагы кымбатчылыктын заманында “Мамлекет өз жарандары үчүн ПЦР-тест жана башка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн жеңилдиктерди жасашы керекпи?” деген суроо менен Бишкек шаарынын тургундарына кайрылып көрдүк. Азыркы тапта менчик лабораторияларда ПЦР-тесттин баасы 2300 сом. Ал эми мамлекеттик лабораторияларда ПЦР-тесттин баасы 1574 сомду түзүүдө. Бишкек шаарында мындай лабораториядан азыркы учурда жалгыз гана Фрунзе, 535 дарегинде жайгашкан лаборатория иштөөдө. Бугүнкү күндө Кыргызтанда ПЦР-тесттердин запасы жетиштүү. Андыктан, ПЦР-тест тапшырууну каалагандар Бишкек шаарындагы Фрунзе, 535 дарегиндеги мамлекеттик лабораториядан тест тапшырып, капчыгыңыздагы акчаны үнөмдөсөңүз болот.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









