Өлкөдө акыркы убакта азык-түлүктүн бардык түрү кымбаттаганы байкалды. Айрыкча өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон нарк дээрлик эки эсеге кымбаттаганын Улуттук статистика комитети билдирди. Мисалга алсак, бүгүнкү күнгө карата кумшекердин орточо баасы 60сомду түзөт. Бирок бүгүнкү бул баа өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 20 сомго, башкача айтканда, 48 пайызга кымбат. Ал эми бир литр өсүмдүк майынын орточо баасы 150 сомго чыкты. Буга байланыштуу Сереп медиа маалымат агенттиги кымбатчылык карапайым элдин капчыгына кандай кедерги тийгизип жатат деген собол салып, элге кайрылып көрдүк. Ал эми базардагы баа боюнча эл өкүлдөрүнүн кабары барбы же жокпу деген ой менен Жогорку Кеңештин депутаттарына да суроо салдык.
#Собол_TIME: Карапайым элдин капчыгын каккан базар баасын билесизби?
- Categories: КООМ/ТАГДЫР
Related Content
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Автор
Perizat Muz
16:09 20.07.2024
Машина коюп кеткен келиндин окуясы. “Эжеңдин көзүн чукуп келип, кызыма салып бер дешти”
Автор
Perizat Muz
23:02 19.07.2024
"Атамдын жылдыгын өткөрөм деген каражатка айылга жол салып бердим" | Али Равшанбек уулу
Автор
Perizat Muz
20:12 17.07.2024
“Айыл Банк” ААКсы “Конурат Трейд” ЖЧКсынын өндүрүш кубаттуулугун көбөйтүүгө жардам берди
Автор
Perizat Muz
22:11 16.07.2024
“Хан самсыда” бурма карын ачылды, дүйүм тамак чачылды
Автор
Perizat Muz
19:36 13.07.2024