#Собол_TIME​: Коронавирус сиздин жашооңузду кандай өзгөрттү? Элдин пикири

Мындан туура бир жыл мурда, тагыраагы 2020-жылы 18-мартта Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан адамдар катталган. Буга байланыштуу SEREP MEDIA маалымат агенттиги «Ушул жыл ичинде элдин жашоосунда кандай өзгөрүү болду?» деген собол менен Бишкек шаарынын тургундарына кайрылып, алардын пикирлерин угуп көрдү.