22-декабрдын түнүндө саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМК тарабынан аэропорттон кармалып, кийин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакта калтырылган. Бул ирет биз Жогорку Кеңештин экс-депутаты, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо “Азаттык” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон Бактыбек Калмаматовдун апасы жана таежеси менен маектештик.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









