“Соттон жеңсем да, кайын журтум баламды 3 жылдан бери бербей жүрөт” дейт уулун талашкан эне

Биздин редакциябызга көздөрү кусага толгон келин кайрылды. “Соттон жеңсем да, 3 жылдан бери уулумду кайын журтумдан ала албай жатам” деген келиндин баласын көрөм деген эки көзү төрт. Сот “бала энеси менен калсын” деп чечим чыгарганына карабай, каарманыбыз жолдошу уулун ага көрсөтпөй келерин айтат. Биз бул ирет баласын бооруна кыса албай боздогон эненин муңун уктук.