SUPERTV’нын кабарчысы сабалды. “Өлтүрүп эле салалы» деп сабап жатышты” дейт ал

Кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Некрасов/Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалган. Бул иш журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышы барбы, жокпу, азырынча белгисиз. Окуя тууралуу кесиптешибиздин өз оозунан уктук.