Акыркы күндөрү өлкө аймагында сууга чөккөн адамдардын саны арбып, алардын арасында жашы жете электердин өмүр менен кош айтышкан учурлары көбүрөөк кездешүүдө. “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул ирет биз өзгөчө кырдаалдарда адамдарды ажалдан арачалап калган куткаруучулардын кесибин көрсөтө турган болдук. Видеодо каарманыбыз Жалил Солпуев адам сууга чөгүп бараткан учурда эмне кылганы туура жана туура эместигин айтып, сууга чөгүп бараткан адамды кантип аман алып калса болорун түшүндүрүп, көрсөтүп берди.
Тачка түрткөн мугалим: “Жолдошум түрмөдө”
Мээрим Молоева – орус тили жана орус адабияты мугалими. Ал аптанын 5 күнү мектепте, 2 күнү базарда араба түртүп иштейт....










