Акыркы күндөрү өлкө аймагында сууга чөккөн адамдардын саны арбып, алардын арасында жашы жете электердин өмүр менен кош айтышкан учурлары көбүрөөк кездешүүдө. “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул ирет биз өзгөчө кырдаалдарда адамдарды ажалдан арачалап калган куткаруучулардын кесибин көрсөтө турган болдук. Видеодо каарманыбыз Жалил Солпуев адам сууга чөгүп бараткан учурда эмне кылганы туура жана туура эместигин айтып, сууга чөгүп бараткан адамды кантип аман алып калса болорун түшүндүрүп, көрсөтүп берди.
Кулак-мурдун күйөөсү кесип салган келиндин апасы үн катты
Сокулуктун Селекционное айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң аткыча кыйнаган деген маалымат тараган. Бычак менен келтирилген жаракаттардан соң жабырлануучу ооруканага...