Эсиңизде болсо мындан 1,5 ай мурда Назгүл Ахматова аттуу келин SUPERTV’га кайрылып, элден жардам сураган эле. Видео чыккандан көп өтпөй, ага жардам кылгандар болгон. Каарманыбыз ал кезде кош бойлуу болчу, ал кечээ жакында көз жарды. Эгиз кыздарды жарыкка алып келген ал төрөттөн кийин бизге маек берип, “төрөтканадан чыккандан кийин, барарга жерим жок. Видео чыккандан кийин мени мурда “чаарала” деп кемсинткен күйөөм пайда болду, аны менен жарашайын деген оюм жок” дейт. Видеодон көрүңүз. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0703 42 22 42
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Интернет айдыңында Зайка деп таанылган Алтынай Султанбекова кайрымдуулукка багытталган контентти 3 жыл мурда баштаган. Блогер жан дүйнөсү менен жардамга муктаждарга...