Тагдыр. Балдар үйүндө чоңойгон эне: «Дагы деле үйгө зармын»

Адамзатынын маңдайына кандай гана тагдырлар жазылбайт. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Санабар айым балдар үйүндө чоңоюп, балалыгынан тартып өзүнчө үйлүү болууга зар болуп чоңойгонун айтат. Тилекке каршы жашы 50дөн ашса да, ал тилеги ишке аша элек.