Тагдыр. «Күйөөм 3 баласынан баш тартып кетти»

Бул жолку каарманыбыздын балдары Жаңы жылга Аяз атадан балаты же Айфон сурашпайт. Алар болгону үйдүн жылуулугуна, кийими бүтүн, курсагы ток болгонуна бактылуу болушат. 35 жаштагы Карлыгач Мамбеталиева ээн калган үйдү оңдоп-түзөп үй кылып жашап алганын,ал эми жолдошунун 3 баладан баш тартып кеткенин айтат. Жардам берүүнү каалагандар 0704 14 01 36 номери аркылуу байланышса болот.