Тагдыр. «Күйөөм эки баламды күрөөгө коюп салган»

SUPER TV’нын бул жолку каарманы 4 баланын апасы Дилбархон Нурмухаммад кызы. “Жолдошум ичкиликке берилип кеткен, бизге кол көтөрөт. Алтургай карызын төлөй албай балдарды күрөөгө койгон күндөрү болгон” деген келин бүгүнкү күнү базарда баштыктарды, желим бөтөлкөлөрдү чогултуп балдарын багат.