Тагдыр. «Майыпмын деп отуруп калбай, салон ачтык»

Бул сулуулук салонунда иштеген кыздардын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Алар үчүн тырмак боёо, кирпик чаптоо иштери — эрмек да, эмгек да болууда. Ушул иштин аркасынан нан таап жеп жаткан каармандарыбыз жаңы ачкан чакан бизнесине маңдай жарыла кубанып турган чагы.