Тажикстандын кол салуусунан каза тапкан жоокерлердин бири — 23 жаштагы Агадил Канатбеков. Анын апасы “уулум ажалдан коркпойм” дечү” дейт. Ал эми баатырча курман болгон дагы бир жоокер Нурсултан Жаныбековдун жакындары “Нурсултан 27 гана жашта болчу, быйыл үйлөнмөк” дешет. Тажик тараптын куралдуу кол салуусунда прапорщик Нургазы Боркошов көз жумгандын эртеси күнү кыздуу болду. Толугу менен видеодо.
Кампада жашаган аял: “80ге таяп калган жолдошум таштап, балдарына кетип калды”
Салкынай Каримова 52 жашта. Ал 2 бала, бир небереси менен чогуу бирөөнүн кампасында күн кечирет. “Өзүмдөн 25 жаш улуу адамга...









