Баткендин чек арага чектеш Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган Матиса Надиров аттуу ишкер Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болду. Анын жубайы жана балдарынын айтымында жеке ишкер өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы кошо өрттөлгөн. Ошол күнү “акыркы жолу телефон аркылуу сүйлөшкөндө жолдошум тажиктердин колуна тушкөнүн айтты” деп эскерет жубайы.
Токтомуш Жекшенбай уулу: “Уулум ооруканага улактай секирип барып, сөөгү чыкты”
Спорттук кабарчы Токтомуш Жекшенбай уулу социалдык тармакта баласы тууралуу “кечээ уулум Бишкекте ооруканада чарчап калды. Буга себеп дарыгерлердин шалаакылыгы” деген...