Асем Мударисова 28 жашта. Шаар жүргүнчүлөрүн ташып эмгектен кезектеги каарманыбыз айдоочу кыз-келиндердин эң кенжетайы. Ал бул жумушка 21 жашынан келип, ушул жерден өмүрлүк жолдошуна жолугуп, үй-бүлө күтүп, акыркы 7 жылдан бери эмгек жолун улантып келет. «Алгач айдоочуулукка деле кызыгуум жок болчу» деген Асем азыркы учурда эң алдыңкы троллейбус айдоочулардын бири.
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Интернет айдыңында Зайка деп таанылган Алтынай Султанбекова кайрымдуулукка багытталган контентти 3 жыл мурда баштаган. Блогер жан дүйнөсү менен жардамга муктаждарга...